Меню

ТҮШТҮК БӨЛҮМДӨГҮ КЕЗЕКТЕГИ ИШЕМБИЛИК


Кыргыз Республикасынын Президенти С. Ш. Жээнбеков жарыялаган «2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылынын алкагында республикабыздын бардык аймактарында мекемелердин территорияларын көрктөндүрүү, экологиялык жана санитардык абалын талаптагыдай деңгээлде кармоо, жашылдандыруу боюнча үч айлык жалпы ишембиликтер улантып жаткан учур. Аталган демилгенин негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн А. С. Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институтунун директору, т. и. д. Ж. А. Арзиев баш болгон жалпы жамаат ишембиликтерди уюштуруп жатышат.


Кезектеги ишембиликте Сулайман Тоо кичи районунда жана Учар айылында жайгашкан илимий өндүрүштүк базанын санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, ирээтке келтирүү, суу менен камсыз кылуу жана башка тазалык иштери жүргүзүлдү. Андан сырткары 300дөй жаңгак, бадам, алмурут, анар, жүзүм ж.б. ар кандай көчөттөр отургузулду.

  

 


Аспирантура

Окумуштулардын маеги

Кызматташуу

Шилтемелер